НАТО Украинага жардамын, Орусияга басымын күчөтөт
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ак үйдүн чабармандары украиналык делегация менен жолугушарын билдирди. Мунун алдында Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер Москвада орус президенти Владимир Путин менен кездешүүдө АКШнын Украинадагы согушту токтотуу планын талкуулашкан. Айрым эксперттер белгилегендей, Орусиянын кызыкчылыгын эске алып түзүлгөн деп мүнөздөгөн баштапкы долбоор Киев жана Европа өкүлдөрү менен жүргөн кездешүүлөрдөн кийин өзгөртүлгөн. Бирок документ ачыкка чыгарылган эмес.